2026-жылдын 13-февралында Шопоков шаардык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Чомоев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Шопоков шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер кеңири талкууланды. Депутаттар шаардагы негизги көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды республикалык деңгээлде колдоого алуу зарылдыгын белгилешти.
Атап айтканда, шаардык инфраструктураны жакшыртуу, ички жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо, инженердик тармактарды жаңылоо, таза суу менен камсыздоо жана канализация маселелери сөз болду. Мындан тышкары, билим берүү, маданият жана спорт тармактарын өнүктүрүү, жаңы социалдык объекттерди куруу жана шаарды көрктөндүрүү боюнча сунуштар айтылды.
Тараптар мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.
2026-жылдын 13-февралында Шопоков шаардык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Чомоев менен жолугушту.

