Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарынын жана төрагасы Адылбек Бекболотовдун кайрылуусунун негизинде Шопоков шаарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Чомоев жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков иш сапары менен келип, шаардагы жолдордун абалы менен таанышышты.
Шаардык кеңештин депутаттары шаар ичиндеги 5 чакырым жолду республикалык бюджеттин эсебинен асфальттоо боюнча жардам көрсөтүүнү өтүнүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында Тариэл Жаныбеков бул маселе 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгында чечилерин билдирди.
Шопоков шаардык кеңеши шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө жеке көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Муратбекович Чомоевге терең ыраазычылык билдирет.
Ошондой эле Бакыт Чомоев жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Шопоков шаарына иш сапары менен келерин маалымдады.

