ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

2026-жылдын 26-январында Шопоков шаардык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

/

Жыйындын жүрүшүндө комиссия Шопоков шаардык кеңешинин спикери А. Бекболотовдун жана «Адилет» фракциясынын лидери К. Джеенчороевдин борбордук шаардык парк куруу боюнча демилгесин кеңири талкуулады.

Талкуунун алкагында жер тилкесин тандоо жана анын максаттуу багыты, долбоордун шаар куруу жана экологиялык талаптарга шайкештиги, ошондой эле келечектеги парктын шаар тургундары үчүн социалдык мааниси боюнча маселелер каралды. Депутаттар бул долбоордун ишке ашырылышы заманбап эс алуу аймагын түзүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү демилгени колдоп, аталган долбоорду шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарууну сунушташты.