ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 2026-жылдын 28-январында Шопоков шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү

/
/
 2026-жылдын 28-январында Шопоков шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү

 2026-жылдын 28-январында Шопоков шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү

2026-жылдын 28-январында Шопоков шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү. Сессиянын ишине 15 депутат, мэриянын кызматкерлери, ошондой эле шаардагы бардык мекеме-уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Күн тартибиндеги биринчи маселе катары шаар мэринин 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын жана шаардык бюджеттин аткарылышы боюнча отчету угулду. Отчетто жыл ичинде аткарылган иштер, ишке ашырылган долбоорлор, ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар отчетту кабыл алышты, ошол эле учурда планда каралган айрым иш-чаралар толук көлөмдө аткарылбаган багыттарга көңүл бурушту. Депутаттар тарабынан тиешелүү эскертүүлөр жана сунуштар айтылып, аныкталган кемчиликтерди жоюу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана шаардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча конкреттүү чаралар сунушталды.