2026-жылдын 30-январында Егимбаева Ж.Кнын төрайымдыгы алдында жана депутат Э.Сеитбек уулунун катышуусунда жаштар саясаты, маданият жана спорт боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жыйынга ошондой эле спорттук клубдардын директорлору, машыктыруучулар жана маданият тармагынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, шаардын спорттук жетишкендиктери каралып, 2026-жылга карата спорттук иш-чаралардын календардык планы бекитилди. Спортчуларды каржылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, быйыл спортту өнүктүрүүгө шаардык кеңеш тарабынан кошумча каражаттар бөлүнгөнү белгиленди.
Мындан тышкары, катышуучулар спорт залын учурдагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, ошондой эле шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүдө маданият кызматкерлерине колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгында комиссиянын төрайымы жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишүү жана шаарды ар түрдүү деңгээлдеги мелдештерде татыктуу көрсөтүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.
2026-жылдын 30-январында Егимбаева Ж.Кнын төрайымдыгы алдында жана депутат Э.Сеитбек уулунун катышуусунда жаштар саясаты, маданият жана спорт боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

