Бүгүн Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов Шопоков шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Элдик жыйынга мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан канализация, таза суу, тротуар, таштанды чыгаруу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана коомдук транспорт маселелери көтөрүлдү. Ар бир маселе боюнча жарандардын сунуш-пикирлери угулуп, тиешелүү мекеме жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Район акими көтөрүлгөн маселелер этап-этабы менен чечүүгө алынарын белгиледи.
Бүгүн Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов Шопоков шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

