ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Бүгүн Шопоков шаарында шаарды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө багытталган маанилүү окуя болуп өттү.

/

Сокулук районунун акими Ташкулов И.А., Шопоков шаарынын мэри Субагожоев Ж.М. жана Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы Бекболотов А.Т. муниципалдык ШГКБ ишканасынын директору Шаршенов К.Т.га жаңы атайын техниканын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Бул — Шопоков шаарынын мэриясы менен шаардык кеңештин биримдиктүү, максаттуу жана үзүрлүү ишинин жыйынтыгы. Шаардын коммуналдык кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

Жаңы атайын техникалардын келиши — бул жөн гана автопарктын толукталышы эмес, шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө, коммуналдык кызматтардын ишинин ыкчамдыгын жогорулатууга жана шаарды таза, көрктүү кармоого кошулган чоң салым.

Шаардын келечеги — биримдикте, ынтымакта жана эл үчүн жасалган үзүрлүү эмгекте. Биргелешкен аракеттер аркылуу Шопоков шаары мындан ары да өнүгүп, жаңы ийгиликтерге жетет.