ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

2026-жылдын 23-май күнү Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган Таэквон-До ИТФ боюнча Чүй облусунун Чемпионаты жана Биринчилиги болуп өттү.

/

Спорттук мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 400дөн ашуун жаш спортчу катышты. Чемпионат жогорку деңгээлде уюштурулуп, чыныгы спорт майрамына айланды.

Мелдеш Чүй облусунун Таэквон-До ИТФ боюнча Чүй аймактык Федерациясы тарабынан Федерациянын президенти Адылбек Бекболотовдун жетекчилиги алдында, Кыргыз Республикасынын Таэквон-До ИТФ Федерациясынын колдоосу менен уюштурулду.

Турнирдин катышуучуларына жана конокторуна куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Таэквон-До ИТФ Федерациясынын президенти А.К. Медетбеков, Сокулук районунун акими И.А. Ташкулов, генерал К.К. Кубатбеков, Сокулук РИИБинин башчысы У.К. Аалиев жана Шопоков шаарынын мэри Ж.М.Субагожоев кайрылышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, кубок жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле профессионалдык беттештин жеңүүчүсүнө облус чемпионунун куру ыйгарылды.

Мындай иш-чаралар жаштар арасында спортту өнүктүрүүгө, патриоттук тарбияны күчөтүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга чоң салым кошот.