ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу…

/
/
Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу…

Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу…

Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдигинин төрагасынын орун басары Адылбек Бекболотов расмий кыргыз делегациясынын курамында Орусиянын Москва шаарында өтүп жаткан Эл аралык бир тууган шаарлар форумуна катышууда.

Форум ар кайсы өлкөлөрдүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, шаар курулушунун актуалдуу маселелерин талкуулоо, заманбап башкаруу чечимдерин ишке ашыруу жана муниципалитет аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү аянтчага айланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдиги менен Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча Бүткүл орусиялык ассоциациясынын (ЖӨӨБ) ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул документ өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.