2026-жылдын 26-январында Шопоков шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга комиссиянын төрагасы К. Джеенчороев, депутаттар В. Раимкулова жана У. Юсупов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шаардык бюджеттин долбоору ар тараптуу каралып, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Айрыкча калктын социалдык абалын жакшыртуу, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, аймактарды көрктөндүрүү жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Талкуунун жыйынтыгында шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар социалдык маанидеги долбоорлор сунушталып, алар белгиленген тартипте мындан ары кароого жана бекитүүгө жөнөтүлдү.
Жыйын иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өтүп, депутаттардын шаарды туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын кызыкчылыгын коргоого багытталган жоопкерчиликтүү позициясын дагы бир ирет тастыктады.
2026-жылдын 26-январында Шопоков шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жыйыны болуп өттү

