ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун Башкармалыгынын отуруму болуп өттү

/
/
2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун Башкармалыгынын отуруму болуп өттү

2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун Башкармалыгынын отуруму болуп өттү

2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун Башкармалыгынын отуруму болуп өттү. Отурум Башкармалыктын төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Усеналиев Бекжан Бактыбековичтин жетекчилиги алдында өтүп, ага Башкармалыктын 7 мүчөсү катышса, анын ичинен 3 мүчө онлайн катышты.

Отурумдун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

▫️ ЖӨБ Союзунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат угулду;
▫️ ЖӨБ Союзунун 2026-жылга Иш-планы бекитилди;
▫️ ЖӨБ Союзунун 2026-жылга бюджетин бекитилди;
▫️ ЖӨБ Союзунун 2026-2030-жылдарга Өнүгүү Стратегиясын бекитилди;
▫️ ЖӨБ Союзунун 2026-2028-жылдарга Коммуникациялык Стратегиясын бекитилди;
▫️ ЖӨБ Союзунун «Товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу жөнүндө» Жобосуна өзгөртүү киргизилди.

Отурумда айылдык кеңештердин, айыл өкмөттөрүнүн жана мэриялардын ЖӨБ Союзуна болгон ишениминин жогорулагандыгы, мүчөлүк акылардын өсүшү, ошондой эле каражаттардын максаттуу жана ачык-айкын пайдаланылгандыгы боюнча маалыматтар угулуп, талкуу жүрдү.

Талкуунун жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер каралып, Башкармалыктын мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылып, кабыл алынды.

Отурумдун жүрүшүндө Башкармалыктын мүчөлөрү Союздун ишмердүүлүгүн дагы да алдыга жылдыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар баалуу сунуштарын билдиришти. Бул сунуштарды ишке ашыруу үчүн ЖӨБ Союзунун Дирекциясы бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын жана алардын аткарылышы боюнча жылдын жыйынтыгы менен отчёт түрүндө бардык мүчөлөрүнө маалымат бере тургандыгын билдиришти.